Новость 08.06.2015-2 - Посольство Кыргызстана

Поиск
Перейти к контенту

Главное меню:

новости главной страницы на кыргызском > новости 2014 года кыргызские
 
 
 
 
 

Бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Тажикстан Республикасына расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы  кызматташтык бекемделип жана чыңдалып баратканына белгилешти.

Темир Сариев жана Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү керектигине көңүл бурушту.

Жолугушууда Тажикстан Республикасынын Президенти Кыргызстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү боюнча өз өлкөсүнүн тийиштүү органдарына тапшырма бере турганын билдирди.

Ошондой эле тараптар Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспортоого жол аччу CASA -1000 долбоорунун маанисин да белгилешти.

Муну менен катар жолугушууда Тажикстандан Кыргызстанга эки тарапка ыңгайлуу шартта электр энергиясын экспорттоо боюнча маселени, «Кытай-Кыргызстан-Тажикстан» темир жолу, Түркмөнстан-Кытай газ куурунун курулушу жана аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашты.


 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Назад к содержимому | Назад к главному меню