Новость 15.09.2015 - Посольство Кыргызстана

Поиск
Перейти к контенту

Главное меню:

новости главной страницы на кыргызском > новости 2014 года кыргызские
 
 
 
 
 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-сентябрда Тажикстан Республикасына иш сапарынын алкагында Душанбе шаарында өткөрүлгөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун  (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар чөйрөдөгү жана кеңири курамдагы жыйындарына катышты.

Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Тажикстандын, Армениянын жана Беларусиянын президенттери ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжанын жылдык докладын угушуп, коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мындан аркы чараларды жана Уюмдун Армения төрагалык кылган мезгилдеги ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонго ишти жакшы уюштургандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Уюмга Тажикстан төрагалык кылган мезгил  өндүрүмдүү болгондугун белгилеп өттү. Мамлекет башчысы кийинкиде ЖККУга төрагалык кыла турган Арменияга ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчысынын пикиринде, дүйнөдөгү азыркы аскердик-саясый кырдаал жогорку динамикасы, окуялардын күтүлбөгөн өңүттө өнүгүшү, сепаратизмдин, улуттук жана диний экстремизмдин өсүшү менен мүнөздөлөт.

“Маңызы боюнча диний-экстремисттик жана террористтик уюмдар бирдиктүү экстремисттик идеологиянын негизинде күчтөрүн бириктирип, кеңири тармактагы пикирлештери бар кубаттуу кылмыш түзүмдөрүнө  айланууда”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  “Ислам мамлекети” террористтик тобу Афганистандын территориясында таасирин кеңейтип жаткан тенденция  Борбордук Азия регионунун коопсуздугуна  түздөн түз коркунуч келтирип жаткандыгын баса белгиледи. “Андан тышкары, ИГИЛ тарапта куралдуу кагылыштарга  катышуу үчүн жарандарыбызды азгырып жалдап жана алып чыгып кетип жаткан көптөгөн  фактылар, ошондой эле алардын  террористтик жана азгырма жалдоо иштерин улантуу үчүн региондун өлкөлөрүнө кайра кайтып келиши өзгөчө тынчсызданууну жаратып жатат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Буга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун күч аракетин  регионубуздун алдында турган практикалык проблемаларды чечүүгө топтоо маанилүү экендигин баса белгиледи. “Кызыкдар болгон министрликтер жана ведомстволор ортосунда эл аралык террористтик уюмдар үчүн жалданма адамдарды биздин өлкөлөрдүн чек аралары аркылуу өткөрүүгө каршы күрөштө  өз ара аракеттенишүү жана маалымат алмашуу  боюнча ЖККУнун ишмердигин күчөтүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Тиешелүү аракеттер, ошондой эле  жамааттык коопсуздук системасынын каражаттарын жана уюшулган күчтөрүн жогорку даярдыкта кармап туруу жана кокус кризистик кырдаал түзүлсө, аларды  колдонуунун деталдуу планы Уюмдун потенциалын чыңдоого жана анын эл аралык аренада позицияларын бекемдөөгө өбөлгө болууга тийиш”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Бул контекстте Мамлекет башчысы  өткөн жылдын декабрь айында ЖККУ негизги милдети коркунучтарга жана өтө олуттуу чакырыктарга жооп берүүгө жөндөмдүү болгон Кризистик жооп кайтаруу борборун түзүү тууралуу чечиминин маанисин баса белгиледи.

“Бул чечимди ишке ашыруу максатында  Кыргызстанда  тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетейин. Тактап айтканда, республиканын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабында улуттук Кризистик жооп кайтаруу борбору түзүлгөн”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн соңунда Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстан  Уюмдун ишмердигинин натыйжалуулугун жана жыйынтыктуулугун камсыз кылуу максатында  ЖККУ алкагында  өз ара аракеттенишүүнү өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча конструктивдүү жана активдүү ишти уланта берээрин белгиледи.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Назад к содержимому | Назад к главному меню