Главная кыргызская - Посольство Кыргызстана

Поиск
Перейти к контенту

Главное меню:

 
 
 
 
 

РУССКИЙ / ENGLISH


Кыргыз Республикасынын Таджикистан Республикасындагы Элчилигинин Жаңылыктары


   11.05.2016-ж.

  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту

    Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Жолугушуу Дүйшөмбү шаарындагы Улуттар сарайында өттү.
    Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон «CASA-1000» долбоорунун курулушунун расмий башталышына арналган салтанатка катышуу үчүн келген Сооронбай Жээнбеков менен учурашууда эки өлкө үчүн «CASA-1000» долбоорунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
   Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин саламын жеткирди.
    Премьер-министр белгилегендей, долбоордун ишке ашырылышы – долбоорго катышуучу өлкөлөрдүн энергетикалык дараметин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
    Жолугушууда Кыргызстан жана Тажикстан ортосундагы бир катар кызматташуу маселелери талкууланды.
    Өз кезегинде Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  аталган жолугушуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин чыңдалышына кошумча дем берерин билдирди.
     Маалымдама: «CASA 1000» аймактык долбоору Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистанды бириктирип, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары аркылуу электр энергиясын берүүгө багытталган. Долбоордун жалпы наркы 1 млрд АКШ долларын түзөт, Кыргызстандын үлүшү 233 млн АКШ долларын түзөт. «CASA-1000» долбоорунун курулушунун расмий башталышы эртең, 12-майга белгиленген.


29.04.2016-ж.

   
Тажикстандын Тышкы иштер министри С.Аслов Кыргызстанга расмий сапары менен келди
Бүгүн, 2016-жылдын 29-апрелинде Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сироджидин Аслов Кыргызстанга расмий сапары менен келди.
   Тышкы саясат мекемесинин башчысынын расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президент Алмазбек Атамбаев жана Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуусу каралган.
   Сапардын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эки жактуу кызматташууну, ошондой эле аймактык коопсуздук жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралмакчы.

17
.02.2016-ж.

2016-жылдын 16-февралында Брюссель шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик эки жаактуу кызматташуусунун орчундуу маселелерин жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты. Мамлекеттердин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын эске алып тараптар Кыргызстан менен Тажикистандын ортосундагы макулдашылган келишимдерди толук көлөмдө иш жүзүнө ашырууну белгилешти. Сүйлөшүүлөрдүн соӊунда Э.Абдылдаев кыргыз-тажик достук мамилелерин мындан ары өнүгүүсүн кыргыз тарап жактоорун белгиледи.


09
.10.2015-ж.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 9-октябрында, өлкөбүздүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын делегациясынын БУУ Генералдык Ассамблеясынын 70-юбилейлик сессиясына катышуусунун жыйынтыктары, ошондой эле башка делегация башчылары менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр, эл аралык  ири иш чаранын жүрүшүндө жалпы дебаттарга жана конференцияларга катышуусу тууралуу маалымат берилди.Тышкы иштер министри  ошону менен бирге  Кыргызстанда ачык жана демократиянын принциптерине негизделип өткөрүлгөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоолорго карата эл аралык коомчулуктун жакшы пикирлери жөнүндө кабарлады. Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлигине  биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктарды  эске алуу менен тышкы саясат боюнча ишмердүүлүктү мындан ары дагы активдүү жүргүзүүгө тиешелүү бир катар тапшырмаларды берди.


15.09.2015-ж.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-сентябрда Тажикстан Республикасына иш сапарынын алкагында Душанбе шаарында өткөрүлгөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун  (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар чөйрөдөгү жана кеңири курамдагы жыйындарына катышты.
Кененирээк маалымат...


14.09.2015-ж.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14- сентябрда Тажикстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
Кененирээк маалымат...




02.07.2015-ж.

Премьер-министр Темир Сариев Түрк тилдүү мамлекеттердин бажы кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жолугушуусуна катышты
Кененирээк маалымат...


08.06.2015-ж.

Бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Тажикстан Республикасына расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.
Кененирээк маалымат...


08.06.2015-ж.

Бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Тажикстан Республикасына расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Премьер-министри Кохир Расулзода менен кеңири жана тар чөйрөдө жолугушуу өткөрдү.
Кененирээк маалымат...


09.05.2015-ж.

Бүгүн, 2015-жылдын 9-майында, Москва шаарына иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев башка мамлекет башчылары менен Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналган парадка катышты.

Жеңиш парады аяктагандан кийин мамлекет, өкмөт жана эл аралык уюмдардын башчылары Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин бир минуталык аза күтүү менен эскеришти.



20
.04.2015-ж.

Бүгүн, 2015-жылдын 20-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эмирдин кеңешчиси, Эл аралык ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы, БУУнун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча Атайын өкүлү Абдаллах Матуук Аль Матуукду кабыл алды.
Кененирээк маалымат...

14.03.2015-ж.
Кыргызстандын коомчулугу оор жоготууга учурады. 2015-жылдын 13-мартында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери Саралинов Мурат Назарбекович 53 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Кененирээк маалымат...


23.02.2015-ж.

Кыргыз Республикасынын коомчулугу оор жоготууга учурады. 2015-жылдын 22-февралында 92 жаш курагында көрүнүктүү окумуштуу жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз ССР илимдерине эмгек сиңирген ишмер, география илимдеринин доктору, профессор, СССР географиялык коомунун ардактуу мүчөсү, Кыргызстан спортунун ардагери Кайып Оторбаевич Оторбаев дүйнөдөн кайтты.
Кененирээк маалымат...


13
.02.2015-ж.

2015-жылдын 9-февралынан 11-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Тажикстан Республикасына расмий сапары болуп өттү.
Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев Тажикстан Республикасынын Президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Ш.Хайруллоев жана Тажикстан Республикасынын Президентинин тышкы байланыш маселелери боюнча жардамчысы Э.Рахматуллозода менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү.
Үстүбүздөгү жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Тажикстан Республикасына расмий сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Аслов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык кызматташуу багытындагы маселелерин, кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо маселелерин, эки өлкөнүн суу-энергетика жана маданий-гуманитардык багытында өз ара аракеттешүү боюнча кеңири чөйрөдөгү маселелерди талкуулашты.
Расмий сапардын алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Э.Рахмон Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевди кабыл алды.

06.02.2015-ж.

2014 жылдын 7-чи айынын 14-дө кабыл алынган Кыргыз Республикасынын №136 Мыйзамын аткаруу иретинде, 2015 жылдын феврал айынын 5-нен баштап Кыргыз Республикасынын Таджикистан Республикасындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча бөлүм ачылды.

Биометрикалык маалымат чогултуу күндө саат 9-дан 17:00 чейин жүргүзүлөт, дем алыш күнүнөн тышкары.

Биометрикалык маалымат чогултуу акысыз жүргүзүлөт.



16.01.2015-ж.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.
«Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралуу» Мыйзамдын 3-статьясына киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, ушул Конвенцияны ишке ашыруу боюнча жооптуу орган катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментти аныкталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



15
.01.2015-ж.

2015 жылдын 15 январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министири Э.Абдылдаевдин Таджикистандын тышкы иштер министири С.Аслов менен  телефондук сүйлөшүүсү болуду.
Сүйлөшүү учурунда тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердеги көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.


23.12.2014-ж.

Евразиялык экономикалык союз жөнүндө Келишимге Кыргызстандын кошулушу тууралуу Келишимге кол коюлду
Кененирээк маалымат...


12.12.2014-ж.
Бүгүн, 2014-жылдын 12-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУ ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланып, ошондой эле Россия Федерациясынын Москва шаарында боло турган Уюмдун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын күн тартиби каралды. Президент Алмазбек Атамбаев менен ЖККУ Башкы катчысы Николай Бордюжа регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу жана Уюмдун алкагында ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелерине көңүл бурушту.



14.11.2014-ж.
Бүгүн, 2014-жылдын 14-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүзгө расмий сапар менен келген Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө түрдүү тармактардагы кыргыз-тажик кызматташуусунун актуалдуу маселелери, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө мындан ары аракеттенишүүнүн келечек максаттары  талкууланды. Мамлекет башчысы канатташ чек аранын коопсуздугун биргелешип камсыз кылуу жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди тездетип аягына  чыгаруу зарылчылыгын баса белгиледи. Алмазбек Атамбаев менен Кохир Расулзода эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, өлкөлөр ортосундагы экономикалык, анын ичинде энергетика жана транспорт тармагында байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилешти.



28.10.2014-ж.

Бүгүн, 2014-жылдын 28-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрүн кабыл алды.
Кененирээк маалымат...



23.10.2014-ж.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын И.Раззаков атындагы № 2021 аскер бөлүгүнүн балдардын оюн аянтчасы үчүн жабдууларды сатып алууга каражат бөлүндү. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Исхак Раззаков атындагы № 2021 аскер бөлүгүнүн турак үйүндөгү балдардын оюн аянтчасы үчүн жабдууларды сатып алууга Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 200 000 (эки жүз миң) сом бөлүндү.


12.09.2014-ж.

ШКУ мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2014-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өткөрүлүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы отурумуна катышты.
Кененирээк маалымат...

30.07.2014-ж.

2014-жылдын 30-июлунда Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы ШКУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кезектеги кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Аслов менен эки тараптуу жолугушуусу болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары чек ара кызматташуу маселесине, ошондой эле кыргыз-тажик өз ара аракеттешүүдөгү көйгөйлүү маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бөлүштү. Ошондой эле ШКУнун алкагында эки өлкөнүн кызматташуусу талкууланды.


08.05.2014-ж.

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси О.Рахимов чакырылды.
Кененирээк маалымат...


01.04.2014-ж.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтү ортосунда Эки көпүрө жана аймактагы автоунаа жолдорун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду
Кененирээк маалымат...

11.03.2014ж

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Украинадагы кырдаалга байланыштуу билдирүүсү
Кененирээк маалымат...


31.01.2014ж

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Т.Мамытов жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары М.Алимардон жетектешкен Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү болуп өттү
Кененирээк маалымат...

23.01.2014ж

2014-жылдын 23-январында тажик тараптын өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри С.Аслов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн
Кененирээк маалымат...

14.01.2014ж

Кыргызстандын Тажикстандагы элчисин консультацияга чакыртып алды
КРнын Баткен областына караштуу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арада курал колдонуу менен болуп өткөн окуяга байланыштуу 2014-жылдын 14-январында Бишкеке Кыргыз Республикасынын Тажикистан Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси У.Саралаев консультация үчүн чакырып алынды.

 


12.01.2014ж.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү
Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматындагы кызматкерлердин ортосунда кыргыз-тажик чек арасында ок атуучу курал колдонуу менен чыккан жаңжал боюнча бул жаңжалды биргелешип иликтөөнүн жыйынтыктарын күтпөстөн Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2014-жылдын 11-январында ЖМКы үчүн бир жактуу одоно билдирүүсүнө карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн өтө нааразычылыгын билдирет.

Кененирээк маалымат...
12.01.2014ж.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2014-жылдын 11-январында Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чек арадагы окуяларга байланыштуу эки расмий нотасын жөнөткөн
Кененирээк маалымат...

 
 
 
Назад к содержимому | Назад к главному меню